ЖЭБде жабыркаган эки адам дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

  • 3 месяца мурун

3-февралда ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат. Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер Президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты