Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду

  • 3 месяца мурун

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жарылуу ЖЭБдин кызмат адамдары «өздөрүнө жүктөлгөн милдетин так аткарбаганы жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн болгону» жазылат.

Бул кырсыктын айынан Бишкек шаарындагы турак жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленген.

Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Ошондой эле, ЖЭБдеги кырсыкта террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганы жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты