«Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды
- 2 месяца мурун
«Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарды. Бул тууралуу фракциянын жетекчиси Динара Ашимова ЖМКга билдирди.
Бүгүн, 5-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан.
-Биз бүгүн фракциянын 10 мүнөттүк убактысын фракциянын мүчөсү Султанбай Абдрашитович Айжигитов суранганынан бердик эле, бирок биздин фракция менен макулдашпай туруп, ал азыр сезимтал, мамлекетке керектүү маселени, өзүнүн жеке оюн айтып, элибизге дүрбөлөң салып, туура эмес позиция кылгандыгы үчүн, фракция мүчөлөрү фракциянын кезексиз жыйынын өткөрүп, Султанбай Айжигитов менен сүйлөшөбүз, сөздөрүнүн негиздерин карап, чечимибизди чыгарабыз,-деди фракция лидери.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды.
Эртең, 6-мартта, парламентте кыргыз-тажик чек арасы келишимин ратификациялоо каралары күтүлүүдө.
Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg