Арзыгүл Галымбетованын эжеси: Сиңдимдин өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар

  • 1 год мурун

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын уялаш эжеси Тажигүл Галымбетова сиңдисинин өлүмүндө бүдөмүк ойлор, күмөндүү жагдайлар бар экенин, бул кылмыш иши боюнча кармалган блогер Батмакан Жолболдуевага доосу жок экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Super.kg порталына берген маегинде айткан.

Тажигүл Галымбетова мындай деген:

«Медайым оорукананын коридорунда Арзыгүлдүн оозунан ак көбүк чыгып жатканын көргөнүн айтат. Укук коргоочулар болсо реаниматолог аны жандандыруу бөлүмүнө алып келгенде эле клиникалык өлүм абалында болгонун билдириптир. Терапия бөлүмүнүн дарыгерлери тескерисинче, ал учурда бейтаптын тирүү болгонун айтышыптыр»,деди.

Сиңдисинин неврология бөлүмүнө жаткырылганына карабастан дарыгерлер анын астма оорусунан каза болгонун айтып жатышканын билдирди. Сиңдиси астма оорусу менен жабыркаган эмес.

“Экспертизанын жыйынтыгы катуу нервтенүүдөн улам майда кан-тамырлары жарылып кеткен деген жыйынтык чыгарды. Дарыгерлер болсо сиңдимди астма оорусунан каза болду деп жатышат. Анда эмнеге неврология бөлүмүнө жаткырышты, мен ошого таң калам. Астма оорусуна каршы дары-дармек деле беришпептир. Мен анын бир тууганы катары айтып коёюн, Арзыгүл эч кандай астма оорусу менен ооруган эмес. Турмуштан ажырашкан мезгилде катуу кыжалат болуп жүргөндө тамагы ооручу. Бирок ооруканага барып, акыркы 8-9 жылдан бери тамагынын оорусу да калган” деди ал.

Ошондой эле сиңдисинин ноутбугун таба албай жатышканын да белгилеген. Сихдисинин эки чөнтөк телефону тең алынып, 2 ай өткөндөн кийин «ача алган жокпуз» деп кайтарып беришкен. Бирок андагы маалыматтар, телефон номурлар «толугу менен өчүрүлгөн».

Ал сиңдисинин өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуевага доосу жок экенин билдирген:

«Сиңдимдин өлүмүнө шектелген Батмакан Жолболдуевага башында эле эч кандай дообуз жок экенин айтканбыз. Анткени Арзыгүл өзү да «Батмакандын сөздөрүнө көңүл деле бурган жокмун, бирок милицияга анын үстүнөн арыз жаз деп жатышат» деп айтып калды. Анан кайра эмне үчүн милицияга барып арыз жазды билбейм. Бирок мен айтат элем, Арзыгүл Батмакандын «түнкү көпөлөк» деген сөзү үчүн эле, өлүп калбайт болчу. Анткени ал ага чейин дагы буга окшогон сөздөрдүн далайын уккан. Элдин сөзүнө маани да берчү эмес, эл сүйлөй берет да деп өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жасай берчү» деди ал.

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын эжеси Тажигүл Галымбетова  УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранды.

Ушул жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева камакка алынган.

Милиция каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген.

18-августта Баткен райондук соту Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарган. Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты