Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 18-августта Баткен райондук соту кабыл алганын облусттук соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, блогердин иши боюнча келерки процесс 8-сентябрга белгиленди.

Ушул жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты