Жол кырсыгындагы жаш баланын өлүмү боюнча Бишкек транспорт ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
- 1 месяц мурун
Бишкекте жаш баланын жол кырсыгындагы өлүмү боюнча «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата да кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле күнү жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде 1979-жылы туулган диспетчер Ш.К. жана 1970-жылы туулган инженер Т.У. шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин баланы коюп кеткен автобустун айдоочу Б.М. кармалып, кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтомунун негизинде Б.М. укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуу (мас абалында транспорт каражатын башкаруу) үчүн транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылганы аныкталды.
Бирок аталган сот чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине карабастан, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан айдоочу коомдук транспортту башкаруудан четтетилбестен, эмгек ишмердүүлүгүн улантып келген. Бул жагдай оор кесепеттерге алып келген.
Ушуга байланыштуу «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
13-июлда болжол менен саат 09:00 чамасында 1977-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочу «Zhong Tong» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобусту башкарып, Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытта бара жатып, Рыскулов көчөсү менен кесилиштен оңго бурулуп жаткан учурда 2016-жылы туулган жашы жете элек А.М. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Тергөөдө аныкталгандай, кырсык болгон учурда жөө жүргүнчү жолдун жүрүүчү бөлүгүн жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жол чырактын уруксат берүүчү белгиси күйүп турган учурда өтүп бара жаткан.
Жол кырсыгынын кесепетинен жашы жете элек бала алган оор жаракаттарынан улам медициналык мекемеге жеткирилгенге чейин каза болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: Бишкек ИИББ




