Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева камалды

  • 2 года мурун

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева аттуу блогер кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазган.

“Ошол эле күнү тактап айтканда 25-мартта арыздануучу чыр-чатактан соң, саламаттыгы начарлап саат 20.00дөр чамасында ооруканага кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ошол эле түнү каза болуп калат. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну, Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Жолболдуеванын жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айда Жолболдуева президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген.

Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач Манас жаңырыгы» телеканалында, кийин «КТР-Обо» гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана «Турмуш» сайтында эмгектенип келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты