Аялына, анан өзүнө кол салууга шектелүүдө. Баткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
- 2 недели мурун
Баткенде каза тапкан жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
26-апрелде саат 10:00 чамасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. жана 44 жаштагы жубайы Э.Г. каза тапкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалымат электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу, ошондой эле Баткен облустук ИИББ жана РИИБ жетекчилиги барып, жеринде кароо жүргүзгөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 26-апрелине караган түнү, Чоң-Кара айылынын тургуну К.А. белгисиз себептерден улам, балдары уктап жаткан учурда, жубайын ашканадагы бычак менен бир нече жолу саюуга шектелген. Аял окуя болгон жерде каза тапкан. Андан соң К.А. үйүнүн короосундагы өрүк бакта өзү асынып өлгөндүгү божомолдонгон. Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Баткен облустук ИИББ




