Журналист Арзыгүл Галымбетова көз жумду

  • 2 года мурун

AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумду.

Арзыгүл Галымбетова кийинки кездери, айрыкча кыргыз-тажик чек ара жаңжалын чагылдырууда талыкпай иштегендиги менен  белгилүү болгон эле.  Арзыгүл кыргыз-тажик чек ара жаңжалын чагылдырууда биринчилерден Баткен облусунун аймактарын кыдырып, окуяны болгон жеринен кабардар кылып турган мыкты журналисттерден эле.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы Баткен шаарында туулган. 2009-жылы Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалыматтык систамалар факультетин аяктаган.

“Манас жаңырыгы” телерадио компаниясында, “Кыргыз обондору” радиостанциясында, “КТР-ОБО” гезитинде, 2010-жылдан бери АКИpress агенттигинде иштеген.  Ошондой эле Баткен ТВда да иштеген.

Баткен ТВ бул тууралуу мындай деп жазды:

 

Журналист Арзыгүл Галымбетованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-мартта саат 18:00 дө Баткен шаарында өтөт.

“ПолитКлиника” медиасынын жамааты жаш чагында арабыздан эрте кеткен Арзыгүл Галымбетованын жакындарына, кесиптештерге терең кайгыруу менен көңүл айтат.   

Сүрөттө: Арзыгүл Галымбетова. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты