Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Махабат Тажибек кызынын бошотулушун кубаттады жана айыптарды алып салууга чакырды
- 2 месяца мурун
Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) журналист Махабат Тажибек кызынын абактан бошотулушун кубаттады жана коюлган айыптарды алып салууга чакырды.
«Махабат Тажибек кызынын абактан бошотулушу туура багыттагы маанилүү кадам. Бирок бул жетишсиз. Ал башынан эле мындай жалган айыптар менен бир күн да абакта отурбашы керек эле. Кыргыз бийлиги бул ишти жабуу үчүн бардык айыптарды токтоосуз алып салышы керек» деди эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.
Буга чейин да журналисттерди коргоо комитети бийлигин Тажибек кызын бошотууга бир нече жолу чакырып келди.
2026-жылдын 23-февралында журналист Махабат Тажибек кызы соттун чечиминен кийин №2 түзөтүү жайынан үйгө бошотулду.
23-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо шарты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок сот башка чечимдерди өзгөрткөн жок.
Жактоочу Акынбек Ногоевдин айтымында, баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тилкаты менен Махабат Тажибек кызы камактан бошотулду. Ал эми жалпы ишти кыскартуу боюнча өтүнүч канааттандырылган жок. Эл аралык уюмдардын өтүнүчү канааттандырылган жок деп айтууга болот.
23-мартта, журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуулар өттү. Алдын ала угууда жактоочулар кылмыш ишин токтотуу жана журналистти камактан токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Прокурор дагы камактан башка баш коргоо чарасын тандоону суранды.
Журналист Тажибек кызы сотко онлайн трансляция аркылуу кошулуп, акыркы жагдайлар жана «Temirov Live» долбоорунун эки жыл мурунку «Кыргызнефтегаз» ишканасы тууралуу иликтөөсү боюнча пикирин билдирди.
2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.
Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Сүрөт: 23-март, 2026-жыл. «ПолитКлиника»




