Журналист Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер Жолболдуева бир ай камакта калтырылды
- 12 ай мурун
Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакка калтырылды.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген.
Журналисттин өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.
25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган.
Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы Баткен шаарында туулган. 2009-жылы Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалыматтык систамалар факультетин аяктаган.
“Манас жаңырыгы” телерадио компаниясында, “Кыргыз обондору” радиостанциясында, “КТР-ОБО” гезитинде, 2010-жылдан бери АКИpress агенттигинде иштеген. Ошондой эле Баткен ТВда да иштеген.
Сүрөттө: Арзыгүл Галымбетова. Социалдык тармактан.