Бишкектеги эне-баланын өлүмү: ИИМ жетекчилиги маркумдун ата-энеси менен жолугушту

  • 1 неделя мурун

Бишкек шаарында 4-апрелде балдары менен алтынчы кабаттан секирген эне-баланын өлүмү, ошондой эле дагы бир баласынын ооруканага оор абалда жаткырылышы менен коштолгон кайгылуу окуя боюнча кылмыш ишине байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги маркум аялдын ата-энеси менен жолукту.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары тууралуу кенен маалымат берилип, алардын бардык суроолоруна жооп берилди.

Маркумдун ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин билдирип, иликтөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө.

Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган аялдын күйөөсү, А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

4-апрелде кечке жуук Бишкектеги “Жал” кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен аял кулап кеткен. 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан берген. Төрт жаштагы наристе кызы ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип,  1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Балкондон кулаган наристе өтө оор абалда ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балкондон кулаган наристе көптөгөн жаракаттарды алган.

Маркумдун жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылып, ашыкча талкуулоодон жана аза күтүү мезгилинде үй-бүлөнү тынчсыздандыруудан алыс болууну өтүнүштү.

ИИМ жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана үй-бүлөнүн жеке жашоого болгон укугун урматтоого чакырат.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты