Сотто адвокат Самат Матцаковдун иши каралууда (Видео)
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 17-декабрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун адвокаттарынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча арызы каралууда.
Бул тууралуу соттон түз эфирде видео маалымат берип жаткан “ПолитКлиниканын” кабарчысы билдирди.
Самат Матцаковду жактоого он чакты адвокатка ордер берилди. Алар адвокаттын кармалышындагы мыйзам бузуулар тууралуу айтышууда.
Самат Матцаков соттогу сөзүндө мыйзам боюнча туугандарына анын кармалганы тууралуу кабар берилбегени боюнча арыз берди.
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.
Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.
Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.
“Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Самат Матцаков жөн гана адвокат эмес. Ал өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын коргоого даярдыгы менен таанылган адис. Бул окуя көз карандысыз адвокаттарга гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калды ” деп айтылат билдирүүдө.
“Аракеттеги медиа” платформасы абакка алынган адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, сот жана көзөмөл органдарына кайрылды.
Сүрөт: «ПолитКлиника»/ Нурайым Нурдинова