Сот Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды

Сот экс-депутат Куванычбек Конгантиевди күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 15-июлда чыгарган.

Сот Конгантиевди кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.  

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 12-марттагы чечими менен экс-депутат Куванычбек Конгантиевди эки айга камакка алган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакта кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 10-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге кылмыш ишин козгогон.

Конгантиев аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелген.

Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев бир ай мурда үй камагына чыгарылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты