Экс-депутат Куванычбек Конгантиев эки айга камакка алынды

  • 1 месяц мурун

Бишкектин Ленин райондук соту 12-марттагы чечими менен экс-депутат Куванычбек Конгантиевди эки айга камакка алды.

Ал 10-майга тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта кармалат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 10-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге кылмыш ишин козгогон.

Конгантиев аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.

Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты