Экс-депутат Конгантиев кармалганы кабарланууда

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев кармалганын Kaktus.media сайты укук коргоо кызматкерлерине таянып жазды. Маалыматка караганда, 11-мартта УКМК Куванычбек Конгантиевди суракка чакырган. Сурактан кийин камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча Конгантиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелүүдө. Укук коргоо органдары расмий маалымат берелек.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевге карата “муниципалдык жер тилкелерин өзүнө өткөрүп алган” деген маалыматтар тарап жаткан. Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Ал Жогорку Кеңешке 13 миң 379 добуш алып, №21 округ боюнча шайланып келген. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышында депутат болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты