Депутат Конгантиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырат
- 1 месяц мурун
Жогорку Кеӊештин депутаты Куванычбек Конгантиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырат.
Конгантиев мандат тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазып, БШК анын арызын бүгүн, 10-мартта,карайт.
Социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланып, Бишкектен бир катар жерди иажарага алып, андан кийин менчикке өткөрүп алганы, мүлкүн апасына, туугандарына каттатканы кабарланган.
Куванычбек Конгантиев 2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты.
2016- 2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты.
2021-2024-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаты жана төрагасы болгон.
2025-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Сүрөт: kenesh.kg




