“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовдун үч суткага камалганы айтылды

  • 2 месяца мурун

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов майда бейбаштык үчүн үч суткага камалды. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазды.

Кадырбек Атамбаев Эрматовдун кармалышы мыйзамсыз болгондугун жана сот адвокатсыз өткөндүгүн айтты. Ошондой эле Эрматовго магниттик-резонанс томографиясы жасалбагандыгын, бул анын ден соолугуна олуттуу залал келтирерин, ошондой эле аны укук коргоо орган кызматкерлери ур-токмокко алгандыгы тууралуу билдирди.

Буга чейин Кадыр Атамбаев Эрмек Эрматовдун укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жана кыйноого туш болгонун билдирген.

Видео тасмада аны Эрмек Эрматовду укук коргоо орган кызматкерлери коштоп алып кеткендигин көрүүгө болот. Ал өзү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, сот аны үч суткага убактылуу жайга отургузуу чечимин кабыл алганын, сот адвокатсыз өткөнүн айтты.

Эрмек Эрматов- акын, драматург, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эгемберди Эрматовдун (1951-2017-ж.ж.) уулу, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү.  

Буга чейин “Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөлөрү Анарбек Катаганов, Жанна Самышева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берген. Ошондой эле Кадырбек Атамбаев да суракка чакырылган жана сурак берип чыкканын билдирген.

Учурда «Социал-демократтар» партиясынын лидери, мүчөсү жана тарапташы убактылуу камак жайында отурат. 2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

21-январда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт: Видео тасмадан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты