Кадырбек Атамбаев милицияга суракка чакырылганын кабарлады

  • 2 года мурун

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев бүгүн, 22-январда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына (ШИИБ)  суракка чакырылганын Фейсбук баракчасына жазды.

“Бишкек  шаарынынын ШИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Урмат Ибраев мени саат 17:30га 24-кабинетке, башкы ички иштер башкармалыгы, Токтогул көчөсү, 64А дарегине суракка чакырды” деп жазды Кадырбек Атамбаев.  

Анда жарыяланган чакыруу кагазында ал күбө катары чакырылганы жазылган.

Буга чейин “Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөлөрү Анарбек Катаганов, Жанна Самышева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берген.

Учурда «Социал-демократтар» партиясынын лидери, мүчөсү жана тарапташы убактылуу камак жайында отурат. 2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Кечээ, 21-январда, Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты