Шаардык сот Темирлан Султанбековду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.

Тергөө абагында жаткан “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда партиянын лидери президенттин социалдык тармактардагы, ЖМКдагы бардык маселеде жооп берерин белгилеп, бирок Султанбековдун ишинде унчукпай жатканын, өздөрү тараптан добуш сатып алуу болбогонун айтты.

Социал-демократтар партиясы өзүнүн Темирлан Султанбековдун БУУнунн Адам укуктары комиссариатына кайрылды.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты