“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Катаганов милицияга күбө катары сурак бергени айтылды
- 1 месяц мурун
“Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берген.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
“2025-жылдын 12-январь күнү Бишкек ШИИББ тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган А.К. күбө катары чакырылып, өзү чакырган жактоочунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын талаптарына ылайык тергөө аракеттери жүргүзүлдү” деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов кармалганын Фейсбук баракчасында партия мүчөсү Кадырбек Атамбаев билдирген. ИИМ кызматкерлери Анарбек Катагановду кармап кеткенин, анын кайда экенин адвокаттар да, туугандары да билбей жатышканын Кадырбек Атамбаев белгиледи.
Кечээ, 12-январда, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 2024-жылдын 12-январь күнү 20:00дө 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.
9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Сүрөттө: Анарбек Катаганов. Интернет булактарынан