“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева күбө катары сурак берген

  • 3 месяца мурун

12-январда «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Жанна Самышева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берип чыкканын анын адвокаты Аскар Алымкулов бүгүн, 13-январда, “Азаттыкка” билдирди.

Самышева «Социал-демократтар» партиясына Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу козголгон иштин алкагында күбө катары суралгандыгы жана ошол күнү коё берилгени айтылды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 2024-жылдын 12-январь күнү 20:00дө 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева 12-январда кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасында билдирди. 

Ал эми бүгүн, 13-январда аталган партиянын мүчөсү Анарбек Катаганов кармалганын Фейсбук баракчасында партия мүчөсү Кадырбек Атамбаев кабарлады.

9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Сүрөттө: Жанаа Самышева. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты