Шаардык сот Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 21-январда, Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.
Шаардык сотто бөгөт чаранын өзгөртүүсүз калтыруу боюнча соттун чечимине каршы даттануу берилген. Сот укук коргоо органдарынын позициясын мыйзамдуу деп тапты.
Темирлан Султанбеков жана анын жактоочулары мындай чечимге нааразылыгын билдирди.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сот отурумуна киргизилген жок, видео тартууга тыюу салынды.
Сотто Султанбеков өзүнө каршы дагы кылмыш ишин козгоо мүмкүн экенин айтты.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан