“Социал-демократтар” партия мүчөсү Фархад Баабиев 13-апрелге чейин камакта болот

  • 1 месяц мурун

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев 13-апрелге чейин камакка алынды.  Бул тууралуу анын адвокаты Батырбек Шамбетов билдиргенин “Азаттык” жазды.

Андагы маалыматта айтылгандай, Фархад Баабиевдин бөгөт чарасы 14-февралда Биринчи май райондук сотунда каралган.

Фархад Баабиев 13-февралда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жүрүп жаткан учурда кармалганы айтылган.

Фархад Баабиевге кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин “Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берген. Ошондой эле партиянын дагы бир мүчөсү мүчөсү Жанна Самышева бир нече жолу суракка чакырылган. Ал эми партия мүчөсү Эрмек Эрматов майда бейбаштык үчүн үч сутка камакта болгон.

8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Турксевердин баш коргоо чарасы каралып, алардын камактагы мөөнөтү 13-мартка чейин узартылды.

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты