Темирлан Султанбековдун, Карамушкинанын жана Турксевердин абактагы мөөнөтү узартылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Турксевердин баш коргоо чарасы болуп өттү. Райондук сот үчөөнүн абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, соттун чечими ишемби күнү кечки саат 21:00 га жакын чыгарылган. «Сот процесси маалында «Тез жардам» кызматы чакырылып, Султанбековго дары сайып кетишкени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сот чейин дагы Султанбеков сотко алынып келе жатканда эс-учун жоготуп, тергөөчүлөр тез жардам чакырышканы белгилүү болгон. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазган. Анда Атамбаев сот процессинин болору жактоочуларга жана Султанбековго алдын ала айтылбагандыгын жазган.

Эске салсак, 2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты