Шайлоого карата 39 мамлекетте 100 шайлоо участкасы түзүлгөн. ТИМ кайрылуусу

  • 3 недели мурун

Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кайрадан чет өлкөлөрдө туруктуу же убактылуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылды.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодо турганына карабастан, каалаган чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш бере алышат. Добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Ушуга байланыштуу ТИМ чет өлкөдө жүргөн жарандарды 2025-жылдын 19-ноябрына чейин «Тизме» порталы аркылуу шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматын алдын ала текшерүүнү суранат.

Эгерде маалыматтарда ката табылган учурда, шайлоочу белгиленген тартипте авторизациядан өткөндөн кийин «Шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук арыз бере алат.

Министрлик чет өлкөдө жүргөн бардык жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өздөрүнүн бар-жогун текшерип, зарыл болгон учурда өз убагында оңдоолорду киргизүүгө дагы бир ирет чакырат. Бул талап жарандардын добуш берүү укугун тоскоолдуксуз ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

Буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участкасы түзүлгөн. Анын ичинде:

  • Россияда – 40, Түркияда – 8, Казакстанда – 7, АКШда – 6, Кореяда – 4, Италияда – 3 участок;
  • Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Арабиясында – 2ден участок;
  • Төмөнкү шаарларда – 1ден шайлоо участкасы: Каир, Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Улан-Батор, София, Варшава, Прага жана Братислава.

Шайлоо участкаларынын толук даректери бул шилтеме боюнча жеткиликтүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты