БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда жүргүзгөндөргө эскертүү берди
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 21-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги алдында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилди.
Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертти.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөрү тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Иллюстрациялык сүрөт: БШК




