БШК шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузгандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар каралды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Анда айтылгандай, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовго эскертүү берилди.

Аталган жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөрү тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты