Шайлоо: 2021:  Бир катар шайлоо тилкелеринде добуштар кайра саналат

  • 2 года мурун

Бүгүн. 10-декабрда жана эртең, 11-декабрда, бир катар шайлоо тилкелеринде добуштар кайра саналат.  

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-декабрда бир катар шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечимин чыгарды.

Ага ылайык, добуш саноо №4 Көк-Жар шайлоо округунда, №5 Ноокат шайлоо округунда, №6 Араван шайлоо округунда,  №7 Ош шайлоо округунда, №8 Төлөйкөн шайлоо округунда,  №14 Жалал-Абад, №13 Сузак, №19 Токтогул, №20 Манас, №21 Талас, №30 Ысык-Ата, №32 Кочкор, №36 Ысык-Көл шайлоо округдарында шайлоочулардын добуштары кайра саналат.

Бул тууралуу БШК маалыматтык кызматы билдирди.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү.

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун автоматташтырылган системасынын алдын ала жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты