БШК төрагасы: Садыр Жапаров кызматта туруп, президенттикке талапкер катары ат салыша алат

Президенттик шайлоо маалында мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген учурда айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты жана президент кызматта туруп эле президентикке талапкер боло алат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да президенттик шайлоого талапкер болсо, Садыр Жапаров кызматын тапшырбай турганын айткан.  

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына туш келет.

Сүрөттө: Тынчтык Шайназаров. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты