Төрт партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылып чыгышты.

«Азаттык» партиясынын лидери Исмаил Исаков президент Садыр Жапаров таза шайлоо өткөрүү боюнча убадасына тура албагандыгын билдирди:

«Садыр Жапаров таза шайлоо өтөт деп айтты эле. Биз ага ишенгенбиз. Тилекке каршы, айткан сөздөрү кылган иштерине дал келбегенин көрдүк. Саат 20:30да, БШКнын маалыматы боюнча «Азаттык партиясы» 70 миңдей добуш менен кетип бараткан. Анан башка партияларга добуш кошуу үчүн 160%га көтөрүп салды. Анан аны оңдойбуз деп атып 87%га түшүруп алышты. Эми ортодо 13% жок болуп жатат. Нааразычылык күчөгөндөн кийин эми оңдоого киришип, шайлоо участкаларында жаңыдан бюллетенди берип , жанагы айткан сандарга дал келтиргенге аракет кылып жатышат», — деп билдирди ал.

«Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов шайлоону тааныбай тургандыгын билдирди:

«Биздин өкмөт шайлоого даярдыксыз барды. Булар алдын ала фальсификацияга даярдангандай. Абдан олдоксон түрдө булмаланды. Онлайн түрдө дүйнөнүн алдында болду. Аны Кыргызстан эли дагы көрүп турду. Биздин талап дагы ошондой. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана БШКнын курмамын отставкага кетирүү».

«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Рыскелди Момбеков дагы бул пикирге кошулду:

«Бүгүнкү бийлик өткөргөн шайлоону биз тааныбайбыз. Биз бир гана шайлоону тааныбай, аны жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылабыз. Таза шайлоонун таркы чыкты. Компьютер жасаган уурулукту компьютер өзү аныктап чыкты. Эң негизгиси бул жерде хаккерлик уурулук болду. Муну эл аралык байкоочулар деле байкады болуш керек. Бул уурулук, муну танууга мүмкүн эмес», — деди Момбеков.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев кол менен эсептөөнү таблицаларга киргизүү керек деп эсептейт.

«Оппозициялык партияларды өткөрбөй коюу үчүн баарына каршы менен жараксыз бюллетендерди көбөйтуп коюшту. Жараксыз деш үчүн бир-эки чийип койсо эле болду. Аны жасап коюу оңой эле.

Биздин байкоочуларды киргизбей коюшту. Мунун баары күмөн жаратууда. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу үчүн гана бириккен, бул оппозициянын биригүүсүн билдирбейт», — деп баса белгиледи Текебаев.

Клара Сооронкулова 2015-жылы эле фальсификация болушу мүмкүн экенин эскерткенин эске салды.

«Мен ишенем, алар шайлоонун жыйынтыгын билип туруп, ушундай ыкманы колдонушкан. Ал убакта бийлик батына албай, быйыл батыныптыр. Баарыңар күбө болдуңуздар. Анысы дагы ийгиликсиз болду. Байсалов муну диверсия деп жатат.

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоо, серверди коргоо — өкмөттүн жана президенттин түздөн-түз милдети», — деди ал.

Партия өкүлдөрү дагы кошумча билдирүүлөр болорун айтып тарашты.

28-ноябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыктары онлайн берилип турган сайтында дагы деле катачылыктар байкалууда. Анткени пайыздык бөлүктө жалпы добуштардын пайызы 100% эмес, 87,76 болуп жатат.

Ага чейин саат 20:50дө жалпы пайыз 160% болуп кеткен. Бул нааразычылыктарды жаратууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты