Тынчтык Шайназаров БШК төрагасы болуп кайрадан шайланды
- 2 недели мурун
3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамынын биринчи жыйналышында Тынчтык Шайназаров кайрадан БШК төрагасы болуп шайланды.
Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, БШКнын курамы 8 мүчөдөн турат.
БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Тынчтык Шайназаров 8 добуш менен Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Русланбек Жакышов жана Лейда Лурова БШК төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.
Сүрөт: shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү




