Тынч митингге чыккандар шайлоо жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкасын талап кылышууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты.  

Алар шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы жокко чыгарылсын, өкмөт отставкага кетсин деген ураандарды айтышууда. Чыгып сүйлөгөндөр күрөш мыйзамдуу жол менен улантылаарын айтышты.

Кечээ, Кыргызстанда, парламенттик шайлоо өтүп, анын автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% ,  “Ынтымак”-10,65%,  “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%.

Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

Тынч митингге чогулгандар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.

 Кечээ, саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты