Президенттик шайлоо фондуна талапкерлер 1 млн сом төгүшү керек. Эсеп “Элдик банк” жана “АБанкта” ачылат

Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги шайлоого талапкерлердин жана сасий партияларындын фонддорунун эсептерин ачуу үчүн “Элдик банк” жана “АБанк” ачык акционердик коомдорун тандады.  

Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.

Президентттикке талапкер көрсөтүү башталды.

“Азыркы учурдан тартып каалоочулар өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Ал үчүн шайлоо фондун ачып, 1 млн сом өлчөмүндө төлөмдү төгүшү керек. Андан кийин тиешелүү документтерин тапшыра берет” деди Шайназаров.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты