БШКнын жаңы курамы шайланды

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 3-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына сунушталган талапкерлер каралды. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев өлкө башчысы тарабынан сунушталган Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаеваны жана Бөдөш Мамырованы тааныштырды.

Ал эми Жогорку Кеңештен «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык тобу Сүйүнбек Касмамбетовду сунуштады. 

Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырса, «Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевди көрсөтүшкөн. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында БШК мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаев шайланды. 

Иллюстрациялык сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты