БШК: Добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү

  • 2 года мурун

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Кол санакка ылайык, парламенттик шайлоого 1 293 244 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 34,92%ы катышты. Ал эми жараксыз бюллетендердин саны 3 926га кыскарган.

Бир мандаттуу округдардагы кол санак 2-декабрда бүткөн.

БШК шайлоо жыйынтыгы мыйзамда каралган негизде чыгарыларын билдирди. Буга чейин шайлоо жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыялана турганы айтылган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты