Тармактык комитет БШК төрагасынын баяндамасын укту
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн, 15-сентябрда Борбордук шайлоо комиссисынын (БШК) жылдык баяндамасын укту.
Маалымат менен БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырды.
Депутат Дастан Бекешев талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн QR-коддордун иштебегени тууралуу маселеге көңүл бурду. Ошондой эле майыптыгы бар адамдардын шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү тартиби тууралуу кеп кылган эл өкүлү мындай добуш берүүнү шайлоонун алдында эмес, шайлоо күнү өткөрүүнү сунуштады.
Депутат Болот Ибрагимов добушы сатып алуу фактылары, бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларга токтолду.
Депутат Венера Салямова шайлоочулардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча маселе көтөрдү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




