Шайлоо 2021: Шайлоочулар активдүүлүгү эң төмөн болду

Кечээ, 28-ноябрда, Кыргызстандын аймагында Жогорку Кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, шайлоо участоктору кечки саат сегизде жабылып, автоматтык эсептөөчү урналар добуштарды санап баштады.

Бул жолу өткөн Парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгү — аралаш система аркылуу добуш берүү. Шайлоочу партиялык тизме аркылуу конкреттүү адамга добуш берип, өз округунан да бир мандатту округдан талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгында партияга бөлүнгөн квоталарга жараша партия ичинен эң көп добуш алган талапкерлер мандатка ээ болот. Жогорку Кеңештин курамына партиялык тизме менен өткөн 54 депутат жана бир мандаттуу округдар боюнча 36 депутат кирет.

Автоматтык эсептөө урналарынын 97%ы окулуп бүткөндөн кийинки маалыматка таянсак, Жогорку Кеңешке 5% босогону өткөн алты партия өтүшү күтүлүүдө.

Ал эми бир мандаттуу округдардан эң көп добуш алган талапкер мандатка ээ болот.

Учурдагы берилген маалыматка таянсак, Жогорку Кеңештин курамы төмөндөгүдөй болушу мүмкүн.

Ал эми кечээки шайлоого 1 млн. 200 миңден ашык шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 34 пайызын түзөт. Биз он жыл ичинде мамлекеттик деңгээлде болуп өткөн шайлоо жыйынтыктарын салыштырып көрдүк.

Быйыл Кыргызстанда жалпысынан төрт чоң шайлоо болуп өттү. Бардыгында тең шайлоочулардын катышуусу 40%дан ашкан жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты