Жогорку Кеңеш комитети БШК мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди карады
- 2 недели мурун
Бүгүн, 2-июнда, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев мүчөлүккө сунушталган Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырованы тааныштырды.
Ал эми «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси Дастанбек Жумабеков Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, «Ала-Тоо» депутаттык тобунун өкүлү Мирлан Жеенчороев менен «Ишеним» депутаттык тобунун өкүлү Гулшаркан Култаева Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташты.
Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары Советбек Рустамбек уулу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырды.
Андан тышкары, «Элдик» депутаттык тобунун өкүлү Чынгыз Ажибаев Тимур Оторбаевди сунуштап жатканын маалымдады.
Жыйынтыгында тармактык комитет Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевди талапкер катары көрсөтүү тууралуу сунуштарды колдоого алды.
Сүрөт: kenesh.kg




