Шаардык сот Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деген чечимди өзгөртүүсүз калтырды (Видео)

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот процесси өттү. Шаардык сот Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгүртүүсүз калтырды.

Адвокат Чынара Жакупбекова Клара Сооронкулованы кармоо мыйзамсыз болгонун билдирди. Ошондой эле Клара Сооронкулова да соттогу сөзүндө кармоонун негизсиз болгондугу, кылмыштын аракети болбогонун, массалык баш-аламандыкты уюштурбаганын, өзүндө жардыруучу заттар, куралдар болбогону тууралуу айтып берди. 26 кишинин баарына бирдей берене боюнча күнөө коюлуп жатканын, андай болбош керек экенин, ар бир кишинин аракети ар башкача болорун дагы кошумчалады.

Бүгүн шаардык сот «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Буга чейин Гүлнара Журабаеваны, Али ШабдандыТаалай Мадеминовду жана Атай Бейшенбекти , Айбек Бузурманкуловду камакта калтыруу чечимин кабыл алган. 9-ноябрда ошондой эле саясатчылар Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыровдун жана Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралары айтылган.

Шаардык сот «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

«ПолитКлиника» медиасы сот процессинен түз эфир уюштурду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты