Кемпир-Абад иши: Шаардык сот Айбек Бузурманкуловду камакта калтырды (Видео)

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда баш-аламандыкты уюштурууга даярдык көрдү деген шек менен камакка алынган 20дан ашык саясатчылардын арасындагы активист, президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкуловдун баш коргоо чарасы каралды. Шаардык сот Айбек Бузурманкуловду 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Сотто сүйлөгөн сөзүндө Айбек Бузурманкулов «биз тараптан эч кандай баш-аламандыкты уюштурууга аракет болгон эмес. Бул — бир тараптуу каралоо, Кыргыздын жеринин бүтүндүгү зарыл» деп билдирди.

9-ноябрда активист Айбек Бузурманкуловдун, саясатчылар Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралары айтылган.

Буга чейин Гүлнара Журабаеваны, Али ШабдандыТаалай Мадеминовду жана Атай Бейшенбекти камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Шаардык сот «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир уюштурду.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты