Жапырт камоолор: шаардык сот Гүлнара Журабаеваны камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.

Журабаеванын баш коргоо чарасы бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралып, сот аны 20-декабрга чейин камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунунун чечимин күчүндө калтырды.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова 9-ноябрда активист Перизат Суранованын, Чынарбек Шабдан уулунун, Атай Бейшенбектин, Айбек Бузурманкуловдун жана саясатчы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы караларын билдирди.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты