Шаардык сот Суранованын, Али Шабдандын жана Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык соту баш -аламандыкты уюштурууга даярдык көрдү деген шек менен кармалган саясатчылар менен активисттердин бөгөт чарасын өзгөртүүнү жана абакта кармалышынын мыйзамдуулугун карап жатат.  

Шаардык сот «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Ал эми Гүлнара Журабаеваны, Али Шабданды, Таалай Мадеминовду камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты