Шаардык сот активист Атай Бейшенбекти камакта калтыруу чечимин кабыл алды (Видео)

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык соту активист Атай Бейшенбекти камакта калтыруу чечимин кабыл алды

-Мен тараптан бир чакырык жок. Мен Кемпир-Абад боюнча комитетке мүчө да болгон эмесмин, -деди Атай Бейшенбек сотто.

Жапырт камакка алынган саясатчылар жана активсттердин арасында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атай Бейшенбекти эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Гүлнара Журабаеваны, Али ШабдандыТаалай Мадеминовду камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир уюштуруп жатат.

Сүрөт: 2022-жыл, 9-ноябрь, «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты