Саясий партиялар боюнча бюллетендин 99,84 пайызы колго саналып бүттү

  • 2 года мурун

4-декабрь саат 8:55ке карата парламенттик шайлоодогу саясий партиялар боюнча бюллетендердин 99,84 пайызы кол менен саналып бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасы көрсөткөндөй, аймактык шайлоо комиссияларынын саны 2494, АШКга 2490 протокол түшкөн, Шайлоочулардын жалпы саны 3 703 420, шайлагандардын саны 1 292 936  же 34,91%.

Кол менен эсептөөдө 7 саясий партия алдыда келе жатат.

1.«Ата журт-Кыргызстан» — 221 212 добуш же 17,11%

2.«Ишеним» — 174 070 добуш же  13,46;%

3.«Ынтымак » — 140 364 добуш же 10,86%;

4. .«Альянс»   — 106199 добуш  же 8,21%

5.”Бүтүн Кыргызстан»  —  90356 добуш  же 6,99%

6.“Ыйман нуру”- 7712 добуш же  6,09%

 7. “Эл үмүтү” —  57 395 добуш же 4,44%

.Ал эми:

“Азаттык” партиясы —  51 947 добуш же  4,02%

“Ата Мекен” – 45 679 же 3,53%

Социал-демократтар” — 40 690  же   3,15%

“Улуттар биримдиги”-  31 445  же 2,43%.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты