Польшада парламенттик шайлоо өттү

  • 6 месяцев мурун

Польшада кечээ, 15-октябрда, парламенттик шайлоо өттү. Ага шайлоочулардын 75 пайызы катышты.

Баштапкы жыйынтыктарга караганда, вице-премьер-министр Ярослав Качьинский башында турган “Укук жана адилеттик” партиясы добуштардын саны боюнча алдыга чыкты. Ал добуштардын дээрлик 37%, ал эми оппозициячыл, Еврокеңештин мурдагы президенти, Польшанын экс-премьер-министри Дональд Туск жетектеген “Жарандык коалиция” 32% алышы ыктымал.

“Укук жана адилеттик” көбүрөөк добуш алганы менен өкмөттү түзүүдө кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымал экени айтылууда, себеби ал көпчүлүктү түзүүгө керектүү 230 орунду алышы же “Эркиндик жана эгемендик конфедерациясы” менен мунасага келиши зарыл.

Ал эми “Жарандык коалициянын” башка партиялар менен мунасага келүү мүмкүнчүлүгү жогорураак экени айтылууда.

Туск жана анын тарапташтары бийликтеги партияны Польшаны Евробиримдиктен чыгаруу жана аялдардын, азчылыктардын укуктарын чектөө аракеттери үчүн сынга алып келишет. Ал эми бийликтеги партия оппозицияны «мигранттарга жол ачууну көздөйт» деп айыптап келет.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты