Грузиянын президенти парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирди

  • 1 месяц мурун

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили басма сөз жыйынында өлкөдөгү парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.   

Зурабишвили парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен макул болуу бул Грузиянын Орусияга баш ийишин билдирээрин айтты.

“Мен өлкөгө бул үчүн келген эмесмин. Биздин ата-бабалар бул үчүн жашаган эмес, биз, бул жыйынтыкты кабыл албайбыз. Грузиянын келечекте Европа менен болуу тилегин эч ким тартып ала албайт” деди президент Саломе Зурабишвили.   

Президент тарапташтарын 28-октябрда кечинде митингге чыгууга чакырды. Бул билдирүүсү оппозициялык айрым партиялар менен кеңешүүдөн кийин жасалганы айтылууда.   

БШКнын маалыматы боюнча, Орусиячыл деп аталган “Грузин кыялы” партиясы шайлоочуларды 53,9% добуш алган. Парламентке дагы төрт оппозициялык партия өткөн. Алар да шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдиришкен.  

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты