Анар Мусабаева: Саясий кырдаалга жараша парламенттик эмес оппозиция түзүлүшү мүмкүн (Видео)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө парламенттин алдыдагы жаңы курамы, 7-чакырылыштагы өзгөчөлүктөр,  парламенттин, жана саясий партиялардын алдыдагы иш-аракеттери тууралуу  сөз козгойбуз. Биздин студияда — политолог АНАР МУСАБАЕВА.

-Парламенттин 7-чакырылышынын өзгөчөлүгү – оппозиция аз болуп калганы турат. Өзүн оппозиция деп атаган партиялардан “Бүтүн Кыргызстан” эле өтүп жатат. Албетте, бул көп суроону жаратат. Чыныгы оппозиция кандай болушу керек, бул чыныгы оппозициябы же жокпу деген. Бул башка суроо.     

“Бүтүн Кыргызстан” алты мандат менен өтүп жатат. Бул өтө эле аз.

Көбүнчө мандаттарды азыркы бийликке, саясий режимге лоялдуу партиялар жана депутаттар алды. Бул саясий режимдин өзү үчүн жакшы, алар өздөрүнүн саясатын жүргүзгөнгө жеңил болот.

Демократиялык процесстер жагынан караганда,  парламентте оппозициянын аздыгы бир топ маселелерди жаратышы мүмкүн.   Анткени парламенттик оппозиция аз санда жана таасири аз болсо, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Келечекте саясий  кырдаал кандай өзгөрөт, ошого жараша, парламенттик эмес оппозиция да пайда болушу мүмкүн. 

Бул шайлоолордо оппозициялык партиялардын таасири аз болуп калды. Боршайкомго ишенбестик, жыйынтыктары бурмаланды деп, сервери иштебей калганда көп сөздөр болду, Президент “эгерде тастыктап бере алсаңар мен отставкага кетем” деди. Бул өтө катуу сөз да.

Бирок оппозицияга тастыктап берүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Алар бул учурда эчтеке кыла алышпады. Бул — оппозициянын таасиринин аздыгын билдирет.  Оппозиция мында деле бириге алган жок. Өткөн шайлоодо бириге алган жок деген сөз болгон, бул жолу аракет кылышты, мисалы “Ата Мекен” менен “Реформа”, “Туран” менен  бирикти,  “Альянс”   партиясы дагы.   Жалпысынан караганда, оппозиция бириге алган жок.

Бирок келечекте саясий кырдаалга жараша оппозициянын кадамдары өзгөрүшү мүмкүн. Парламентке өтө албай калган партиялардын арасында көрүнүктүү, саясатта орду, позициясы, харизмасы да бар, элге сөзү өткөн саясатчылар бар.    

Көп нерсе лидерлерден көз каранды болот, алар чыга алабы, бири-бирине жардам бере алабы, бийликке туруштук бере алабы, ошого жараша болот.     

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты