Грузия: Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы оппозициянын каршылык акциясы өттү

  • 3 месяца мурун

Тбилисиде парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы 28-октябрда өткөн оппозициянын каршылык акциясы аягына чыкты. Бул тууралуу ЖМК, анын ичинде “Дождь” телеканалы билдирди.

Каршылык акциясына миңдеген адамдар катышты. Ага өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили да келди. Катышуучулар шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин жана кайра шайлоо өтүшүн талап кылышты. Иш-чаранын аягында катышуучулар Грузиянын гимнин жана Евробиримдиктин гимнин аткарышты.

Маалыматтар боюнча, митинг тынч өттү, эч ким кармалган жок.  

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили басма сөз жыйынында өлкөдөгү парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.   

Зурабишвили парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен макул болуу бул Грузиянын Орусияга баш ийишин билдирээрин айтты.

“Мен өлкөгө бул үчүн келген эмесмин. Биздин ата-бабалар бул үчүн жашаган эмес, биз, бул жыйынтыкты кабыл албайбыз. Грузиянын келечекте Европа менен болуу тилегин эч ким тартып ала албайт” деди президент Саломе Зурабишвили.  

 БШКнын маалыматы боюнча, Орусиячыл деп аталган “Грузин кыялы” партиясы шайлоочуларды 53,9% добуш алган. Парламентке дагы төрт оппозициялык партия өткөн. Алар да шайлоонун жыйынтыгы макул эместигин айтышкан.  

Сүрөт: BBC News

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты