Эки округ боюнча шайлоо бюллетениндеги талапкерлер кезеги аныкталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 8-февралда, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК)  Бишкек шаарындагы № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү.

Шайлоо бюллетенине талапкерлер мындай кезекте киргизилет:

 № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча чүчү кулактын натыйжалары боюнча шайлоо бюллетениндеги кезек:

1.            Нурматов Темирбек Асанович;

2.            Нурдинов Бейшеналы;

3.            Тотонов Нурбек Темирбекович;

4.            Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;

5.            Искендеров Эльман Хыдырович;

6.            Кермалиев Таалайбек Женишович;

7.            Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;

8.            Давлянов Дамирбек Тайырбекович;

9.            Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич;

10.          Савин Виктор Евгеньевич;

11.          Ибраймакунов Данияр Омурбекович;

12.          Акылбеков Русланбек Акылбекович;

13.          Тилектешов Улукбек Тилектешович;

14.          Капаров Чынгыз Капарович;

15.          Ремнев Роман Павлович;

16.          Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович;

17.          Гапаров Адылбек Абдикаримович;

18.          Тагайбек Султан;

19.          Абдыкадыр уулу Бектур;

20.          Мусаев Тахир Насырович;

21.          Сартаев Анвар Айдарович;

22.          Абдыразакова Айжан Улановна;

23.          Токтокожоев Таалайбек Самудинович;

24.          Акеров Табылды Абдраманович;

25.          Токтакунов Нурбек Акбарович;

26.          Сариев Акылбек  Аблабекович;

27.          Жуков Виталий Юрьевич.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча чүчү кулактын натыйжалары боюнча шайлоо бюллетениндеги кезек:

1.            Майрамбек уулу Калыс;

2.            Маматкулов Нурланбек Жолошович;

3.            Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

4.            Аспек уулу Азамат;

5.            Хакимходжаев Зуфар Шавкатович;

6.            Алмамбетова Гуля Идиновна;

7.            Курманов Ильяс Зайнидинович;

8.            Босивская Кристина Валерьевна;

9.            Джоомартова Рыскан Абдиевна;

10.          Бакиров Бакыт Жеентайович;

11.          Строкова Евгения Григорьевна;

12.          Атазов Шайлообек Карыбекович;

13.          Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

14.          Абышев Медер Болотович;

15.          Бейшенбаев Эдиль Нурбекович;

16.          Алканова Элнура Сайдиракмановна;

17.          Саадабаев Бакытбек Муратбекович;

18.          Исираилова Анара Усонбековна;

19.          Джумагазиева Нуржан Курманбековна;

20.          Токмулин Рафаель Мубаракович;

21.          Алмаз уулу Аскар;

22.          Карамушкина Ирина Юрьевна;

23.          Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич;

24.          Салянова Аида Женишбековна;

25.          Жолдошова Назгул Амантуровна.

Ага Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер,  алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өткөн. Анын бирөө — Биринчи май районун Улукбек Турганбаев шайлоого катышуудан баш тартты. Кайра шайлоого 52 талапкер катышары белгилүү болду.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты